Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керимов: мөндөлөк безинин рагы тукум кууйт

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов
Врач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөндөлөк безинин рагы же шишиги эркектер арасында гана кездешет.
Керимов: мөндөлөк безинин рагы тукум кууйт

Улуттук Онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде мөндөлөк безинин рагынын бир нече себептерин атады.

"Оорунун себебин башка рактын түрлөрүндөй эле эч ким так аныктай элек. Бирок шишикке алып келе турган коркунучтуу факторлор бар. Биринчиден тукум куучулук. Эгер эркектин атасында болсо коркунуч азыраак, бир тууганында болсо кооптонуу керек. Себеби инисинде да пайда болушу мүмкүн. Экинчи себеби — крипторхизм. Мында бала төрөлгөндө мөндөлөк бези калтасына түшпөй калат. Ошондуктан ата-энелер балдарын дарыгерге эрте алып барып, операция жолу менен түшпөй калган мөндөлөктү калыбына келтириши керек", — дейт Керимов.

Дарыгер мындан сырткары, жыныс мүчөнүн ар кандай жаракатка кабылышы, инфекция, чылым чегүү, арак ичүү, баңгизаттарды колдонуу, ВИЧ оорусу дартка себепкер экендигин кошумчалады.

Улуттук Онкологиялык борбордун дарыгер-онкоурологу Акылбек Керимов менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0