Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: эл өз тагдырын өзү чечсин

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы президентти тандоо бир гана элдин колунда экенин айтты
Атамбаев: эл өз тагдырын өзү чечсин

Эл өз тагдырын өзү чече тургандыгын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Атамбаев эл өзүнө жараша президентти тандап аларын белгилеп өттү.

"Эл менен жолукканымда дагы ар бир бийлик элдин өзүнө жараша болоорун айттым. Кандай бийлик кааласаңар ошону шайлагыла дедим. Эл өзүнүн тагдырын өзү чечсин. Ким президент болсо ошону расмий түрдө кабыл алышыбыз керек", — деди өлкө башчы.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы президенттик шайлоо аяктагандан кийин дагы чек арадагы кырдаал жөнгө салынбаса, кандай кадамдарга бараарын билдирди.

"Эгер шайлоо бүткөндөн кийин дагы чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйынын уюштурам. Ошол жактан маселени талкууга алабыз", — деди Атамбаев.

Мындан сырткары, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвди мисал келтирип, балким жаңы президенттер келсе абал жөнгө салынаарын кошумчалады.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0