Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: шайлоо учурунда атайын маркер колдонуп жатабыз

© Фото / Зульфия ТургуноваБШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун архивдик сүрөтү
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүү учурунда шайлоочулар өз калемдерин колдоно албай тургандыгын айтты
Бекматов: шайлоо учурунда атайын маркер колдонуп жатабыз

Шайлоо учурунда атайын маркер колдонулууда. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин айрым интернет колдонуучулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно албай жатканын айтышкан.

"Шайлоочулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно алышпайт. Анткени азыркы шарик калем саптарынын сыясы кечирээк кургагандыктан, урна аны көрбөй калат. Ошондуктан атайын маркер колдонуп жатабыз. Ал бат кургап, урналар дароо эсептейт", — деди Бекматов.

Кыргызстандын аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0