Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзыкулов: интернат ачып, 200 баланы камкордукка алдык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов
Элим барсыңбы? кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов балдарга татыктуу билим берүү аракети дагы көрүлүп жатканын айтты
Арзыкулов: интернат ачып, 200 баланы камкордукка алдык

Кароосуз калган балдар үчүн интернат ачылгандыгын "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернат ишкерлердин жардамы менен ачылган.

"Кароосуз калган балдардын көйгөйү эң орчундуу болгону үчүн мамлекет менен биргеликте атайын интернат ачтык. Ал жакта соттун чечими менен 200 баланы камкордукка алып, карап жатабыз. Аларды жөн гана багып коюу эмес, татыктуу билим берүү аракети көрүлүүдө", — деди Арзыкулов.

Ал интернатка башка өлкөнүн эмес, Кыргызстандын ишкерлери демөөрчүлүк кылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0