Депутат Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү

Өмүркулов: чет элдик байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгиледи

(жаңыланган 17:39 20.10.2017)
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президентти тандоо демократиялык негизде өткөнүн айтты
Өмүркулов: чет элдик байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгиледи

Башка мамлекеттен келген байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгилегендигин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 15-октябрь Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, алдыңкы орунга Сооронбай Жээнбеков чыккан.

"Президенттик шайлоо таза, ачык демократиялык негизде өттү десек болот. Муну 58 мамлекеттен келген байкоочулар дагы белгиледи. Кыргызстандын соңку тарыхында биринчи ирет бийлик мыйзамдуу түрдө башка адамга өтөт. Бирок айрым саясатчылар сырттан тоскоолдук кылууга аракет кылды. Анткен менен алар максатына жеткен жок", — деди Өмүркулов.

Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо биринчи орунга чыккан Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр>>

Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов
Тема боюнча
Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Замначальника отдела Государственной судебно-экспертной службы КР Жийдегуль Семенова на радио Sputnik Кыргызстан

Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын Диндик экспертиза башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семёнова сөз менен кылмыш жасоо үч топко бөлүнөрүн айтты.
Семёнова: сөз аркылуу жасалган кылмыштар үчкө бөлүнөт

Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.

"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.

Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.

Белгилер:
Жийдегуль Семенова, талдоо, укук, мыйзам, кеп
Тема боюнча
Бегилерова: адвокаттын телефон сүйлөшүүсүн угууну кысым катары кабыл алабыз
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

(жаңыланган 16:00 14.04.2021)
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик ала албай жаткандыгын айтты.
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.

Белгилер:
бизнес, мамлекеттик орган, инвестициялар, коопсуздук, ишкер, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 23:26 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.