Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мырзалиева: Памир кыргыздарын алып келип, айрымдарынын өмүрүн сактап калдык

© Sputnik / Табылды КадырбековПамирге барып келген дарыгер Индира Мырзалиева маек учурунда
Памирге барып келген дарыгер Индира Мырзалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, байтаптардын бирине операция жасоо керек
Мырзалиева: Памир кыргыздарын алып келип, айрымдарынын өмүрүн сактап калдык

"Памир кыргыздарды Ала-Тоого көчүрүп келип, айрымдарынын өмүрүн сактап калдык. Бул тууралуу өкмөттүк делегация менен Памирге барып келген дарыгер Индира Мырзалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү памирлик 33 кыргызды өлкөгө алып келди.

"Төрт адамдан жүрөк кемтиги табылды. Ал эми алты адамда өнөкөт бийиктик оорусу бар экен. Мындан сырткары, бир кош бойлуу келин бар. Учурда бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Жүрөк кемтиги барларды Кыргызстанга алып келүү менен алардын өмүрүн сактап калдык десек болот", — деди Мырзалиева.

Ал байтаптын бирине операция жасоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0