Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтымбетов: жаңы конуштардагы көчөлөргө асфальт төшөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава муниципальной администрации Октябрьского района Ренат Айтымбетов
Глава муниципальной администрации Октябрьского района Ренат Айтымбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы Октябрь районун акими Ренат Айтымбетов учурда каражат маселеси чечилип жатканын айтты
Айтымбетов: жаңы конуштардагы көчөлөргө асфальт төшөлөт

Октябрь районуна караштуу жаңы конуштардагы көчөлөргө асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Октябрь районун акими Ренат Айтымбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл райондогу 11 көчөгө шагыл төгүлдү.

"Үстүбүздөгү жылы шаардагы бир канча көчөлөр оңдолду. Алардын арасында Октябрь районуна караштуу көчөлөр да кирет. Мындан сырткары, райондогу алты жаңы конуштун 11 көчөсүнө шагыл төгүлүп, оңдолду. Буюрса кийинки жылы каражат маселеси чечилип калса асфальт төшөлөт", — деди Айтымбетов.

Эске сала кетсек, быйыл жалпысынан Кытай бөлгөн грантка узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолуп, 7 көпүрө салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0