Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматалиев: Жогорку Кеңеште саясий оюндар башталса көп нерсе өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог Алмазбек Акматалиев
Политолог Алмазбек Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Алмаз Акматалиев Сооронбай Жээнбековдун президенттикке келиши менен чоң кадрдык алмашуулар болбойт деген ойдо.
Акматалиев: Жогорку Кеңеште саясий оюндар башталса көп нерсе өзгөрөт

Жогорку Кеңеште саясий оюндар башталса көп нерсе өзгөрөт. Бул тууралуу саясий серепчи Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, эртең, 25-октябрь күнү спикер Чыныбай Турсунбеков кызматынан кетээри айтылды.

"Сооронбай Жээнбековдун президенттике келиши менен кадр жаатында чоң деле өзгөрүүлөр болбойт. Анткени Алмазбек Атамбаев менен жаңы президент эриш аркак эле иштейт. Булардын командасы бир. Азыр чоң ролду Жогорку Кеңеш ойнойт. Атамбаев баштаган жолду улантып кетсе баары мурункудай калат. Эгер саясий оюндар башталса анда коалиция бузулуп, өкмөт да тарап кетиши мүмкүн", — деди Акматалиев.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары төрагалык орунга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун бара турганын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0