ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү

Турсунбеков: позициямды жактырбаса да колдоого алган президентке ыраазычылык

99
(жаңыланган 20:28 25.10.2017)
Өз ыктыяры менен кызматын тапшырып жаткан Чыныбай Турсунбеков саясий чыңалууну басаңдатуу үчүн аталган кадамга барганын айтты

Кызматтан кеткен Чыныбай Турсунбеков позициясын жактырбаса да колдоого алган президентке ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-октябрь Чыныбай Турсунбеков төрагалыкты тыпшырды.

"Президенттик шайлоо алдындагы чыңалуу акырындап басаңдай баштады. Чыңалуу толук кандуу бошош үчүн мен дагы кызматтан кетишим туура болот деген ойдомун. Менин позициямды жактырбаса да колдоого алып келген бардык күчтөргө, президентке, кесиптештериме ыраазычылык билдирем", — деди Турсунбеков.

Ал ишеним өлгөн жерде үмүт өчөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, анын ордуна Дастан Жумабеков спикер болуп шайланды.

99
Белгилер:
спикер, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды (15)
Тема боюнча
Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды