КСДП лидери Иса Өмүркуловдун архивидк сүрөтү

Өмүркулов: Чыныбай Турсунбеков катарыбызда кала берет

49
(жаңыланган 13:28 26.10.2017)
КСДП лидери төрагалыкты тапшырган Чыныбай Турсунбековду эч ким куугунтуктабаганын айтты

ЖКнын төрагалык кызматынан кеткен Чыныбай Турсунбеков КСДП фракциясынын катарында кала берет. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-октябрь спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды.

"Чыныбай Турсунбеков партия ичинде ишенимден кеткен жок. Аны эч ким куугунтактаган жок. Биздин катарыбызда эле кала берет. Балким, кийин дагы кайра төрагылыкка көрсөтүп калышыбыз мүмкүн. Ишиңизге ийгилик", — деди Өмүркулов.

Эске сала кетсек, кызматтан кеткен Чыныбай Турсунбеков депутат бойдон кала берерин, саясаттан кетпестигин белгиледи.

49
Белгилер:
Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды (15)
Тема боюнча
Турсунбеков: позициямды жактырбаса да колдоого алган президентке ыраазычылык
Депутаттар Дастан Жумабековду креслосуна отургузушту. Видео