Бийликтеги тең салмактуулукту сактоо үчүн Дастан Жумабековду төрагалыкка тандашканын серепчи Марс Сариев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырып, ордуна Дастан Жумабеков шайланды.
"Президенттик шайлоодон Социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү жеңип чыкты. Өкмөт башында дагы КСДПчы отурат. Өлкөдөгү эң бийик посттордун бири болгон спикерликке дагы бийлик партиясынын өкүлү Иса Өмүркуловдун талапкерлиги каралган. Бирок акыркы учурда саясий теңчиликти сактоо үчүн чоң кызматтын бирине башка партиянын өкүлүн отургузуу эң жакшы вариант болду деп эсептейм", — деди Сариев.
Жумабеков 2015-жылдын октябрынан бери иштеп келе жаткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы үчүнчү төрага. Алгач Асылбек Жээнбеков төрагалык кылса, аны кийин Чыныбай Турсунбеков алмаштырган.