Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетова: Памир кыргыздары бул жакта калаар-калбасын өздөрү чечет

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова маек учурунда
Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Памир кыргыздары билим алуу үчүн келгенин айтты
Мамбетова: Памир кыргыздары бул жакта калаар-калбасын өздөрү чечет

Памир кыргыздары бул жакта калаар-калбасын өздөрү чечет. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү памирлик 33 кыргызды өлкөгө алып келди. 

"Памир кыргыздарын Ала-Тоого алып келүү менен алгачкы чыйыр салынды. Мындан кийин дагы алып келебиз же алып келбейбиз деп айтуу кыйын. Бирок алар өздөрү паспорт алып, Кыргызстанга келебиз десе каршы эмеспиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга келгендер билим алууну көздөшүүдө. Максатына жеткен соң бул жакта калабы же кетеби, аны өздөрү чечет", — деди Мамбетова.

Ал азырынча көпчүлүгү кайра Памирге кайта турганын айтып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0