Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: орусча сүйлөп жатканда кыздардын күлгөнүн көрбөш үчүн алдыга отурчумун

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков кыйынчылыктар адамды курчута тургандыгын айтты
Кадырбеков: орусча сүйлөп жатканда кыздардын күлгөнүн көрбөш үчүн алдыга отурчумун

Орусча сүйлөп жатканда кыздардын күлгөнүн көрбөш үчүн алдыга отурчумун. Бул тууралуу "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар жакшы чөйрөгө кошула билиши керек.

"Уктап жата берсең спортчу боло албайсың. Ал үчүн кыйналып даярдануу керек. Ошондой кыйынчылыктар адамы курчутат. Мен шаарга окууга келгенде орусча билчү эмесмин. Анан орусча сүйлөп жатканда тайпалаштарымдын күлгөнүн көрбөш үчүн алдыга отуруп алчумун. Башкысы эч тартынбай сүйлөй бериш керек экен", — деди Кадырбеков.

Ал шаарга келген жаштар эч нерседен тартынбай, алдыга гана жылышы керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0