Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кендирбаева: быйыл жайлоодо 117 бала бакча иштеди

© Sputnik / Эмиль Садыров"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда
Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жайлоодогу бала акчалар төртүнчү ирет иш алып барды
Кендирбаева: быйыл жайлоодо 117 бала бакча иштеди

Өлкө аймагы боюнча 117 жайлоо бала бакча иштеди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек куруп жатып билдирди.

Анын айытымында, мындай иш-аракеттер ата-энеге коңгуроо кагуу жана социалдык ишмердүүлүктү өнүктүрүү болуп эсептелет.

"Демилгенин аркасында ар бир ата-энеге коңгуроо кагып жатабыз. Биринчиден, кайсыл жерде болбосун балдарга көңүл буруу керек, экинчиден, бул — социалдык ишмердүүлүктүн бир түрү. Себеби жайлоо бала бакчаларында балдар үч саат тарбиялап, андан соң туристтерди тоссо болот. Биз тарбиячыларга айлык төлөп бербейбиз, бир гана тарбиялоонун ыкмаларын, окуу методикасын үйрөтүп жатабыз", — деди Кендирбаева.

Ал ошондой эле бала бакчалар кичинекейлерди шыктандырууга жардам болорун кошумчалады.

Доктургүл Кендирбаева менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0