Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакирова: аракка берилген аялдын эне мээрими жоголот

© Sputnik / Данияр СандыбаевПресс-конференция "В Кыргызстане растет число алкоголиков — о динамике роста и профилактике"
Пресс-конференция В Кыргызстане растет число алкоголиков — о динамике роста и профилактике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык наркология борборунун усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бакирова ичимдик ичкен аялдын ден соолугунда спирттин курамы сакталып, түйүлдүктө жаралчу балага таасир берерин айтты.
Бакирова: аракка берилген аялдын эне мээрими жоголот

Аракка берилген аялдын энелик мээрими жоголуп кетерин дарыгер Жылдыз Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аракка баш-оту менен кирген аялды дарылоо кыйынга турат.

"Аялдар ичимдик иче баштаганда алгач билинбейт. Анткени алар макияждын жардамы менен байкатпай жүрө берип качан гана күчөп кеткенде ооруканага жакындары жаткырышат. Спирттин курамы аялдын организминде сакталып келечекте төрөлчү балага таасир берет. Мындан сырткары, аракка берилген аялдын эне мээрими жок болуп калат", — деди Бакирова.

Ал каттоодо турган аракечитердин 11 пайызы аял экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0