Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сманбеков: Нарын драма театры тажрыйбалуу адистер менен толукталды

© Sputnik / Нурзада МукашеваМуратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын директору Темирлан Сманбеков
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын директору Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын театры 1937-жылы түзүлүп, азыркы имаратка 1977-жылы көчүрүлгөн
Сманбеков: Нарын драма театры тажрыйбалуу адистер менен толукталды

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры тажрыйбалуу адистер менен толукталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына театр директору Темирлан Сманбеков билдирди.

Анын айтымында, театрдын ремонту дагы оңдоп түзөөдөн өткөн.

"80 жылдык мааракебизди өткөрөлү деп турабыз. Иш-чараны утурлай театрдын имараты капиталдык оңдоодон өттү. 545 орундуу залга жаңы отургучтар коюлууда. Аны менен катар чыгармачыл жамаат дагы тажырыйбалуу кадрлар менен толукталды", — деди Сманбеков.

Эскерте кетсек, былтыркы тарых жана маданият жылына карата өлкө президенти театрга деп 35 миллион сом бөлгөн.

Нарын театры 1937-жылы түзүлүп, азыркы имаратка 1977-жылы көчүрүлгөн.

Директордун айтымында, эскилиги жеткен имаратка 40 жылдан бери биринчи ирет ремонт жасалды. Ошондой эле ал чыгармачылык репертуар дагы жакшырып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0