Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанжигит уулу: Тоңдун айылдарын кыдырып бир жума спектакль коебуз

© Sputnik / Жоомарт Ураимов "Учур" жаштар театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив
Учур жаштар театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Учур" жаштар театрынын артисттери 7-ноябрдан 12сине чейин гастролго чыгышат
Жанжигит уулу: Тоңдун айылдарын кыдырып бир жума спектакль коебуз

"Учур" жаштар театрынын жамааты Ысык-Көлдүн Тоң районуна гастролдоп барат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна аталган театрдын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.

Өнөрпоздор "Апендинин беш катыны" спектали жана чакан концерт менен 7-ноябрдан 12сине чейин айылдарды кыдырышат.

"Гастроль Тоң районунун акиминин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бул спектаклди беш-алты жыл мурун да аймактарга коюп жакшы ийгиликтерге жетишкенбиз. Ал комедиялуу жана турмуштук спектакль болгондуктан элге аябай жагып, бир күнгө белгиленген жерде суранып эки-үч күнгө алып калышчу", — деди Жанжигит уулу.

Ошондой эле ал алдыда Талас, Баткен, Алай сыяктуу алыскы райондорго да гастролдоп баруу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0