Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Максутов: маданият тармагына бюджеттин бир гана пайызы бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив
Мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-министр Алтынбек Максутовдун айтымында, мыйзам боюнча үч пайыз каражат каралышы керек.
Максутов: маданият тармагына бюджеттин бир гана пайызы бөлүнөт

Маданият тармагына бюджеттин бир гана пайызы бөлүнөт. Бул тууралуу мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат өтө эле аздык кылат.

"Жыл сайын маданият тармагына бюджеттен болгону бир пайыз гана каражат бөлүнөт. Мыйзам боюнча үч пайыз бөлүнүшү керек эле. Ошондуктан маданият тармагын өнүктүрүүгө каражат жетишпейт. Бул тармакта эмгектенгендердин маянасы өтө аз болгондуктан бош орундар көп", — деди Максутов.

Ал маданият тармагында иштегендер 4-5 миң гана маяна алаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0