Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетова: Памир кыргыздарын Ала-Тоого алып келүү менен алгачкы чыйыр салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова маек учурунда
Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Памир кыргыздары билим алуу үчүн келгенин айтты
Мамбетова: Памир кыргыздарын Ала-Тоого алып келүү менен алгачкы чыйыр салынды

Памир кыргыздарын Ала-Тоого алып келүү менен алгачкы чыйыр салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү памирлик 33 кыргызды өлкөгө алып келди.

"Мындан кийин дагы алып келебиз же алып келбейбиз деп айтуу кыйын. Бирок алар өздөрү паспорт алып, Кыргызстанга келебиз десе каршы эмеспиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга келгендер билим алууну көздөшүүдө", — деди Мамбетова.

Белгилей кетсек, этникалык кыргыздарга Нарындын Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0