Кара-Кулжа районунун борбордук аянтында Бал фестивалы болуп өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна БУУнун соода көмөк көрсөтүү долбоорунун Ош облусундагы координатору Азамат Касымов билдирди.
Анын айтмында, иш-чара аталган аймакта быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат.
"Фестивалдын негизги максаты — бал тууралуу маалыматтарды жайылтып соода-сатыкты кеңейтүү, ошол эле учурда айыл элин бал өндүрүүгө чакыруу болуп саналат. Анткени аары багуунун түйшүгү малга салыштырмалуу жеңил болуп, киреше булагы да алгылыктуу десек болот. Ал эми продукциялар эл аралык стандартка туура келүү үчүн адистерди чакырып бал челекчилерди окутуп жатабыз", — деди Касымов.
Ошондой эле ал буга чейин район эли эле катышкан болсо, быйыл башка облустардан да өкүлдөр келгенин кошумчалады.