Ашказанынан 1,5 килограмм салмактагы чач алынган 13 жаштагы кыз төрт жыл бою өзүнүн чачын жеп жүргөн. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын хирургу Кудайберди Тешебаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, өспүрүм кыздын үйүндө чыр-чатак көп болгондуктан кабатырланып жатып өзүнүн чачын жегенин байкабай калчу.
"13 жаштагы өспүрүм кыздын көзү ооругандыктан энеси Ноокат районунан Ош облустук ооруканага алып келиптир. Окулист кыздын ашказанында шектүү бир нерсе чыгып турганын байкап, аларды гастроэнтерологго жөнөткөн. Ашказанын текшергенде ичинде чач бар экени белгилүү болуп, операция жолу менен 1,5 килограмм чач алып чыктык", — деди Тешебаев.
Хирург билдиргендей учурда кыздын абалы жакшы. Ал балдар ооруканасында дагы 10 күндөй дарыланат.