Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садык Шер-Нияз: "Ак-Мөөр" — кино дүйнөсүнө жаңылык киргизген тасма

Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, "Ак Мөөр" минималисттик түрдө тартылганы менен көркөмдүгү өтө терең тасма
Садык Шер-Нияз: "Ак-Мөөр" — кино дүйнөсүнө жаңылык киргизген тасма

"Ак-Мөөр" тасмасынын тартылышы кино дүйнөсүндө жаңылык болгон. Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, тасма режиссер Мелис Убукеевдин чеберчилигин туу чокуга чыгарган.

"Азыр даниялык режиссер Ларс Фон Триер тарткан "Догвилль" сыяктуу тасмаларды минимализм үлгүсүндө мыкты тартылган деп даңазалап жатпайбызбы. А чындап келгенде бул түр мурда эле болгон. Ошолордун бирине "Ак Мөөр" кирет. Режиссердун табылгалары аркылуу көрүүчүлөрдүн эсинде биротоло калган мыкты сценалары көп", — деди эл өкүлү.

Бүгүн, 17-ноябрда өлкөдө кыргыз киносунун күнү майрамдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0