Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акималиев: Казакстан Кыргызстандын сүтүнөн баш тартууга негиз жок болчу

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба адиси, профессор Жамин Акималиевдин архивдик сүрөтү
Айыл чарба адиси, профессор Жамин Акималиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары Казакстанга өткөрүлбөй жатканы менен коңшулар тараптан себебин түшүндүргөн расмий билдирүү келе элек
Акималиев: Казакстан Кыргызстандын сүтүнөн баш тартууга негиз жок болчу

Казакстан Кыргызстандын сүтүнөн баш тартууга эч негиз жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айыл чарба адиси, профессор Жамин Акималиев билдирди.

"ЕАЭБ алкагында кенен иштөөгө уруксат берилген ишканалардын катарына Кыргызстандын 20дан ашык ишканалары кирген. Башка жагынан кемчилигибиз болсо дагы эки жылдан бери сүт маселесин жолго коюп алганбыз, эч бир көйгөй жарала элек болчу. Анын үстүнө кыргыз сүттөрү Казакстанда, өзгөчө Алматы тургундарынын арасында жогору бааланат. Ошондуктан бул жерде карапайым эл саясаттын курмандыгына айланды", — деди профессор.

Ошондой эле ал мындан ары Кыргызстанда сүт азыктарынын баасы дароо арзандап кетиши мүмкүн экенин, бирок бул ишкерлерге зыян алып келерин кошумчалады.

Буга сүт өзүбүздүн керектөөлөрүбүздөн 30 пайыз ашык өндүрүлөрү себеп экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0