Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Тургунбаева

Турганбаева: сүйүнчү жана жөлөк пул үчүн жыл сайын 8 млрд. сом керектелет

201
(жаңыланган 09:32 21.11.2017)
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаева бул каражат бюджетте каралгандыгын айтты.
Турганбаева: сүйүнчү жана жөлөк пул үчүн жыл сайын 8 млрд. сом керектелет

Сүйүнчү жана жөлөк пул үчүн жыл сайын 8 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон.

"Негизинен бул мыйзам боюнча тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Буга чейин жөлөк пулга жыл сайын 6 миллиард сом жумшалып келген. Жаңы мыйзам күчүнө кирсе жыл сайын 2 миллиард сом кошулат", — деди Турганбаева.

Ал жалпы жонунан мыйзам иштеши үчүн 8 миллиардка жакын каражат керек экендигин кошумчалады.

201
Белгилер:
сүйүнчү, жөлөк пул
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архивдик сүрөт

Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

272
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова чылым тартуунун коронавирус инфекциясына тийгизген таасири туурасында айтып берди.
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

Тамеки тарткан адамдар коронавирус менен ооруса жеңил көтөрөт деген жаңылыш пикир. Мындай оюн Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке өзүнүн тажрыйбасында чылым тарткандар менен тартпаган адамдар ортосунда оорунун оор же жеңил өткөн айырмачылыгын байкаган эмес.

"Тамеки тарткан адамдар тартпаган кишилерге караганда коронавирус менен ооруп калса көп кыйналбайт деген пикир, менимче, жаңылыштык. Азырынча бул оору жаңы болуп, көп жагынан илимге белгисиз болуп жатат. Андыктан маалыматым азыраак. Бирок иш жүзүнө келгенде, коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан медик катары айтсам, менин тажрыйбамда тамеки чеккени деле, чекпегени деле бирдей оорушту. Айрым тамеки чекпеген адамдар жеңил көтөрсө, чеккендери катуу кыйналган учурлар деле болду. Андыктан бул маалыматка анчейин ишене бербей турам", — деди Естебесова.

Дарыгер тамеки чегип жүрүп коронавирустун жеңил түрү менен ооругандардын көп кыйналбаганына башка нерсе себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

272
Белгилер:
чылым, пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет
Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов. Архив

Жаманов: COVID-19 медиктерден кийин эле чек арачыларга сокку урду

93
Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов коронавирустун соккусу дарыгерлерден кийин эле чек ара кызматкерлерине тийгенин айтты.
Жаманов: COVID-19 медиктерден кийин эле чек арачыларга сокку урду

Чек арачылар үчүн 25 орундуу амбулатордук стационар ачылып, Чек ара кызматынын медиктери тарабынан Call-борбор аркылуу консультация берүү колго алынды. Ошондой эле мобилдүү эки бригада оор абалдагы бейтаптардын үйүнө барып жатты. Бул тууралуу Султан Жаманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чек ара кызматы дары-дармектерди камдап, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүүдө.

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

"Коронавирус пандемиясы жарыялангандан баштап биз күчөтүлгөн тартипте иш алып бара баштадык. Вирус тарап кетпеши үчүн Чек ара кызматы сырттан учуп келген жарандардын абалын текшерип жаттык. Дарыгерлерден кийин эле сокку биздин кызматкерлерге тийди. Ага ылайык, Чек ара кызматында иштеген адамдарга жеке коргонуучу костюмдар таратылган. Жалпысынан иштеп жүргөн офицерлер, келишим менен иштегендер, андан тышкары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, пенсионерлердин арасында 60 киши коронавирус жуктуруп, 128и вирус тастыкталбаган пневмонияга кабылды. Учурда 49 пайызы дарыланып айыкты, ал эми бир пайызы үйдө обочолонууда. Оор абалдагы бейтаптар жок. Чек арачылар үчүн бардык шарттары менен 25 орундуу амбулатордук стационар ачылып, аскер кызматкерлери үчүн Call-борбор аркылуу консультация берүү колго алынды. Ошондой эле мобилдүү эки бригада оор абалдагы бейтаптардын үйүнө барып жатты. Болгон аракеттерге карабастан оору күчөп турган маалда дарыгерлерге өз убагында кайрылбай, өз алдынча дарылангандыктан Чек ара кызматында иштеген бир бейтап көз жумган", — деди Жаманов.

Дарыгер учурда абал жакшырганына карабастан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл экендигин эскертти.

93
Белгилер:
Аскер, Мамлекеттик чек ара кызматы, пандемия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Акматова: карантинден 14 күн өтүп абал кескин начарлады
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

0
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

0
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн