Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманбеков: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,5 тоннадан көмүр таркатылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Октябрьской райадминистрации Нурбек Курманбеков
Глава Октябрьской райадминистрации Нурбек Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбековдун айтымында, "Зеленстрой" ишканасы тарабынан отун дагы берилген.
Курманбеков: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,5 тоннадан көмүр таркатылды

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,5 тоннадан көмүр таркатылды. Бул тууралуу Нурбек Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жардам катары таркатылган көмүрлөр эленген эмес. Андыктан сапаты базардагыдай болбой калышы мүмкүн.

"Быйыл 4346 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталган. Талап боюнча ар бирине 1,5 тоннадан көмүр берилет. Мындан сырткары, "Зеленстрой" ишканасы тарабынан 936 үй-бүлөгө 1,5 кубдан отун таркатылып берилди. Буюрса, кышка даярдык жакшы", — деди Курманбеков.

Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 90 пайызга жакыны көмүрдү алып бүткөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0