Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талгатбек уулу: ак илбирсти аткандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат

© Sputnik / Максат ЭлебесовСотрудник NABU Амантур Талгатбек уулу
Сотрудник NABU Амантур Талгатбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
NABU эл аралык уюмунун браконьерликке каршы "Барс" тобунун мүчөсү Амантур Талгатбек уулу ак илбирсти коргоо үчүн бир катар чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Талгатбек уулу: ак илбирсти аткандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат

Ак илбирсти аткандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Амантур Талгатбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ак илбирсти аткандарга буга чейин 500 миң сом айып салынып келген.

"Акыркы эсептөөлөр боюнча Кыргызстанда 300-350 ак илбирс бар. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаарында өткөн ак илбирсти коргоо боюнча форумда дагы айтылган. Бирок бул биз үчүн өтө эле аз. Жок болуп бара жатат дегенди түшүндүрөт", — деди Талгатбек уулу.

Ал учурда аталган жаныбарды аткандарга карата жаза күчөтүлгөндүгүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0