Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: айылдаштарынын эшегин уурдап, кытайларга саткан шектүүлөр кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков. Архив
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө
Сыдыков: айылдаштарынын эшегин уурдап, кытайларга саткан шектүүлөр кармалды

Ош шаарынын Жапалак айылында жашоочулардын эшектерин уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ага ылайык, милиция кызматкерлери 18 жана 17 жаштагы Жапалак айылынын тургундарынын 2017-жылдын октябрь, ноябрь айларында өзүнүн айылдаштарына таандык болгон беш эшекти түнкүсүн уурдап кеткендигин аныкташкан.

"Алар уурдалган эшектерди кытай ишкерлерине ар бирин сегиз миң сомдон сатып жиберишкен. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында шектүүлөр кармалып, алардын көрсөтмөсү менен эшектер турган жер аныкталган. Андан соң малдар ээлерине кайтарылып берилген. Аталган факты боюнча иш козголду", — деди Сыдыков.

Ал кылмышка шектүү жигиттер соттун чечими менен үй камагына чыгарылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0