Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нышанов: Атамбаев тарыхый иштерди жасады, "Кыргызстандын баатыры" наамын берели

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаев дүйнө элин таң калтырган шайлоо өткөркөндүгүн айтты.
Нышанов: Атамбаев тарыхый иштерди жасады, "Кыргызстандын баатыры" наамын берели

Алмазбек Атамбаев тарыхта калчу иштерди жасады, "Кыргызстандын баатыры" наамын берүү керек. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сунушту шайлоочулар демилгелеген.

"24-ноябрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты өткөрүп берет. Шайлоочулар менен жолукканда өз сунуштарын айтышты. Атамбаевдин тарыхта кала турган эмгектери көп болду. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу, Датка — Кемин линиясы жана дүйнөнү таң калтырган шайлоо өткөрдү. Анын эмгеги 50-100 жылдан кийин да тарыхта калат. Өзгөчө президенттик кызматты өз убагында демократиялык жол менен өткөрүп бериши — сыймык. Бул тарыхый окуя болуп калды. Ошого байланыштуу Алмазбек Шаршеновичке "Кыргызстандын баатыры" деген наам берүү керек", — деди Нышанов.

Эл өкүлү президенттин такты өткөрүп бериши Орто Азияда алгачкы ирет болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0