Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков

Курманбеков: аймактардан келген жакыр үй-бүлөлөр каттоодон өтсө бекер көмүр алышмак

36
(жаңыланган 13:53 28.11.2017)
Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбековдун айтымында, көпчүлүк жарандар каттоого турушпайт.

Аймактардан келген жакыр үй-бүлөлөр каттоодон өтсө акысыз көмүр алышмак. Бул тууралуу Нурбек Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында каттоосу бар жарандар гана социалдык жардамдарды ала алышат.

"Чынында ички миграция маселеси бизде абдан оор. Көпчүлүк жарандарыбыздын каттоолору аймактарда. Мыйзамга ылайык, каттоосу жок жарандарга социалдык колдоо көрсөтө албайбыз. Эгерде ошолор тартипке ылайык тизмеге киришсе акысыз отун, көмүр алып калышмак", — деди Курманбеков.

Ал алыскы дубандан келгендер каттоого анчейин көңүл бурбай тургандыгын кошумчалады.

36
Белгилер:
каттоо, отун, көмүр
Тема боюнча
Көмүр менен күйүүчү-майлоочу майдын баасы тыкыр көзөмөлдөнөт
Баш ооруткан акысыз көмүр. Майыптар менен пенсионерлер өкмөттүн отунуна нааразы
Пикирлер