Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: кийинки жылды Чыңгыз Айтматов менен Жусуп Мамайдын жылы деп атайлы

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жусуп Мамайдын эстелигин филармониянын алдына коюу керек экендигин айтты
Момбеков: кийинки жылды Чыңгыз Айтматов менен Жусуп Мамайдын жылы деп атайлы

Кийинки жылды Чыңгыз Айтматов менен Жусуп Мамайдын жылы деп атоо керектигин депутат Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Ушуга карай эле Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын да өткөрүү зарыл.

"Жусуп Мамай деген атактуу манасчы болгон. Ал көзү тирүү кезинде эң жогорку сыйлыктарды алган. Кийинки жылы Кытайда 100 жылдыгы чоң салтанат менен өткөнү турат. Эстелигин орнотуп, жаңы конуштарга атын коюшубуз керек", — деди Момбеков.

Ал Жусуп Мамайдын эстелигин филармониянын алдына коюу керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0