Аксынын айрым айылдарында балдар түнкүсүн китеп окуй албай кыйналууда. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр мамычаларынын абалы начар.
"Аксынын айрым айылдарында электр энергиясынын кубаты аз болуп, жарандар сыналгы көрө албай жатышат. Дейрес, Коргон, Товарсай, Кызыл-Капчыгай, Чалдывар, Кызыл-Көл, Тегене айылдарында свет чырактай эле күйөт. Китеп окуганга да болбойт. Анткени трансформаторлор жетишсиз жана электр мамычаларынын абалы начар", — деди Эргешов.
Ал өкмөт аталган маселе боюнча жардам берсе жакшы болорун кошумчалады.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.
"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.
Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.
"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.
Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.
Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.