Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулова: Бишкектеги мектептерде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова
Вице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова шаар боюнча 96 мектеп бар экендигин айтты
Рыскулова: Бишкектеги мектептерде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп

Бишкектеги мектептерде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп. Бул тууралуу Айгүл Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, талап боюнча 75 миң гана орун бар, бирок ушу тапта 147 миң бала билим алат.

"Мектептин жетишсиздиги шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Анткени убагында Бишкек 600 миң адам жашаганга ылайыкташкан. 25 жыл ичинде канчалаган үйлөр салынып, жаңы конуштар пайда болду. Алардын баарына мектеп салууга үлгүргөн жокпуз. Шаар боюнча 96 мектеп бар. Талап боюнча 75 миң бала окушу керек эле, бирок 147 миң окуучу билим алып жатат", — деди Рыскулова.

Ал төрт жыл ичинде 18 мектеп салуу керектигин, ошондо көйгөй маселе чечилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0