Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарбеков: времянканы жылытууга кеткен чыгым менен чоң үйдү деле жылытса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКонсультант программы KyrSEFF+, финансовый эксперт Бакыт Аскарбеков
Консультант программы KyrSEFF+, финансовый эксперт Бакыт Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
KyrSEFF программасынын консультанты, эксперт Бакыт Аскарбековдун айтымында, энергияны туура үнөмдөө — учур талабы
Аскарбеков: времянканы жылытууга кеткен чыгым менен чоң үйдү деле жылытса болот

Времянканы жылытууга кеткен чыгым менен чоң үйдү деле жылытса болот. Бул тууралуу Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үйдөгү жылуулукту сактап калуу жолдорун үйрөнүү зарыл.

"Азыр көп адамдардын ой жүгүртүүсү өзгөрүп бара жатат. Көпчүлүк энергияны үнөмдүү пайдаланууну үйрөнүп калды. Мурда жаңы үйлөрдү салып, ал жерге жашагандын ордуна времянкада турушчу. Анткени чоң үйдү жылытууга чыгым көп кетет деп ойлошот. Андай эмес, времянканы жылытууга кеткен чыгым менен чоң үйдү деле жылытса болот", — деди Аскарбеков.

Ал үйдөгү жылуулукту сактап кала турган терезелерди коюу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0