Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керезбеков: Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ

© Фото / пресс-служба "КГЮА"Ректор Кыргызской государственной юридической академии Канат Керезбеков
Ректор Кыргызской государственной юридической академии Канат Керезбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков биринчи вице мандатын дагы сактап каларын айтты
Керезбеков: Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ

Биринчи вице-премьер Аскар Шадиев депутат катары добуш берүү укугуна ээ. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди эл өкүлдөрү биринчи вице-премьерликке жактырды.

"Жаңы Конституцияга ылайык, биринчи вице-премьер болуп шайланган депутат мандаттан ажырабайт. Мындан сырткары, парламенттин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат", — деди Керезбеков.

Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0