Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туманбаева: көмүрдүн килограммын 4 сом 20 тыйындан сатса болот

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева өзүбүздүн элге көмүр жетпей жатса, Ошто кошуна өлкөлөргө көмүр сатылып жаткандыгын айтты.
Туманбаева: көмүрдүн килограммын 4 сом 20 тыйындан сатса болот

Көмүрдүн килограммын 4 сом 20 тыйындан сатса болот. Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Анын айтымында, учурда көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. 

"Кыш эми гана башталды. Баткенде көмүрдүн тоннасы 9,5 миң сом болуптур. Негизи кара алтындын 1 килограммынын базарга келген баасы 4 сом 20 тыйынды түзөт. Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги эмне иш кылып жатат? Элге ушул 4 сом 20 тыйындан сатса болот да", — деди депутат. 

Ал өзүбүздүн элге көмүр жетпей жатса, Ошто кошуна өлкөлөргө көмүр сатылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0