Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Таш-Көмүр шаарынын жолдору СССР доорунан бери оңдоло элек

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты жарандар көп жылдан бери жол азабын тартып келерин айтты
Эргешов: Таш-Көмүр шаарынын жолдору СССР доорунан бери оңдоло элек

Таш-Көмүр шаарынын жолдору СССР учурунан бери оңдоло элек. Бул тууралуу эл өкүлү Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдордо жүрүү мүмкүн эмес.

"Таш-Көмүр деген шаар бар. 20 миңдей адам жашайт. 600 адам кол койгон кат келди. Булар таза суу жана жол маселеси боюнча кайрылышууда. Алты чакырым жолду оңдоп берүүнү суранып жатышат. Аталган жолдор СССР доорунан бери оңдоло элек", — деди Эргешов.

Ал чакан шаарларды өнүктүрүү боюнча мыйзам иштебей жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0