Белгилүү теле алпаруучу Олжобай Токтосунов

Токтосунов: теле жаңы ачылганда монтаж деген жок, түз эфирде гана иштешкен

77
(жаңыланган 19:08 10.12.2017)
Белгилүү теле алпаруучу Олжобай Токтосунов техника жетишсиз болгондуктан алгачкы теле кызматкерлери камера менен гана иштөөгө аргасыз болгонун айтты
Токтосунов: теле жаңы ачылганда монтаж деген жок, түз эфирде гана иштешкен

Теле жаңы ачылганда монтаж деген жок, түз эфирде гана иштешкен. Бул тууралуу Олжобай Токтосунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, техника жетишсиз болгондуктан алгачкы теле кызматкерлери камера менен гана иштөөгө аргасыз болушкан.

"Илим, билимдин өскөндүгүнөн улам телевидение пайда болду. Алгач башка өлкөлөрдө ачылып, 1958-жылы Кыргызстанда телекөрсөтүүлөр эфирге чыга баштады. Жаңы баштагандар менен бир кеңседе отуруп калдым. Ошондо Амантай Ниязалиев, Балташ Кайыпов деген аксакалдар айтып беришчү. Техника жетишсиз, монтаж деген түшүнүк жок. Камера менен түз эфирге чыгып, туура эмес болуп бара жатса чуркап барып сүрөттү коюп, музыка жаңыртып жиберишчү экен", — деди Олжобай Токтосунов.

Ал ошол кездери дикторлордун атагы таш жаргандыгын кошумчалады.

77
Белгилер:
телеберүү, Олжобай Токтосунов
Тема боюнча
Санариптик берүүгө кантип туташам? СТБ тууралуу бардык суроого жооп
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

13
(жаңыланган 19:04 26.09.2020)
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2015-2020-жылдарга тилди өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражаттар айрым тармактарда колдонулбай турганын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.

"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.

Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.

13
Белгилер:
көйгөй, китеп, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

12
(жаңыланган 18:39 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

12
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

0
(жаңыланган 20:32 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлардын үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6- килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

0
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу