Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атыканов: Бишкекке газ менен жүрө турган 300 автобус алып келинет

© Sputnik / Максат ЭлебесовЗаместитель начальника Управления городского транспорта мэрии Бишкека Нурлан Атыканов
Заместитель начальника Управления городского транспорта мэрии Бишкека Нурлан Атыканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов тиешелүү документтерге кол коюлгандыгын айтты
Атыканов: Бишкекке газ менен жүрө турган 300 автобус алып келинет

Бишкекке газ менен жүрө турган 300 автобус алып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобустардын экологияга зыяны жок болот.

"Калаадагы автобустарды жаңыртуу боюнча программа иштелип чыккан. Учурда аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Сүйлөшүүлөр боюнча 300 автобус келет. Алар газ менен жүрүп, экологиялык жактан таза болот", — деди Атыканов.

Буга чейин борбор калаага жаңы троллейбустар дагы алып келинери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0