Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: 2010-жылдан кийин элдин Манаска болгон кызыгуусу арта баштады

Жазылуу
Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, 7-апрель күнү аянтта "Манастап" ураан чакырылган
Сыдыков: 2010-жылдан кийин элдин Манаска болгон кызыгуусу арта баштады

2010-жылдан кийин элдин Манаска болгон кызыгуусу арта баштады. Бул тууралуу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 7 күндүк Манас айтуу болуп өттү.

"Кудайга шүгүр дешибиз керек, Манасты жайылтуу боюнча бир топ аракеттер көрүлүп жатат. Анан, албетте, жакшы натыйжа дагы болууда. Айрыкча жаштардын көңүлү жакшы бурулуп жатат. 2010-жылдан баштап кызыгуу артты. Анткени 7-апрель күнү аянтта "Манастап" ураан чакырышкан", — деди Сыдыков.

Ал "Саякбай манасчы" фондусу дагы бир топ иштерди жасагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0