Арашан тобунун көркөм жетекчиси Токтогул Рысалиев

Рысалиев: жеңил-желпи ырлардан качышыбыз керек

34
(жаңыланган 15:12 18.12.2017)
"Арашан" тобунун көркөм жетекчиси Токтогул Рысалиев жаштарды жакшы ырлар менен тарбиялоо керектигине токтолду.
Рысалиев: жеңил-желпи ырлардан качышыбыз керек

Жеңил-желпи ырлардан качышыбыз керек. Бул тууралуу Токтогул Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштарды жакшы ырлар менен тарбиялоо керек.

"Биз келечек ээлерин өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен үлгү болушубуз зарыл. Тагыраагы жеңил-желпи ырлардан качканыбыз туура. Эртең убакыт өткөндөн кийин артты караганда уялбай тургандай болушубуз керек", — деди Рысалиев.

Ал жаштардын арасында таланттуу инсандар көп экендигин кошумчалады.

34
Белгилер:
ыр, жаштар, Арашан айылы
Тема боюнча
Рысалиев: Гүлнур Сатылганова, Токтобек Асаналиевдер "Арашан" тобунан чыккан
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

36
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

ӨКМдин материалдык-техникалык базасы эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөн. Аны жакшыртуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Алсак, куткаруу иштери үчүн Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери үчүн бир дагы тик учак жок.

"Өзгөчө кырдаалдардын саны күн санап өскөнүнөн улам ӨКМдин материалдык-техникалык базасындагы кемчиликтери билинүүдө. Техника эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Алсак, 85 бирдик атайын инженердик оор техника кабыл алынды. Ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды жерине ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин карамагында бир дагы тик учак жок. Бул маселени чечүү максатында Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Ошондой эле ӨКМге караштуу авиациялык ишкана бар. Анын ишин кайрадан карап чыгып, донорлор аркылуу учак сатып алуу аракеттери көрүлүүдө", — деди Жолдошбаев.

Ал келечекте ӨКМге 80 өрт өчүрүүчү техниканын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

36
Белгилер:
куткаруу, ӨКМ, учак
Тема боюнча
Ысык-Көлдөн кайсы шаарларга учуп кетсе болот? Тизме жана график
Пилатес жана антигравитациялык йога боюнча эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

48
(жаңыланган 10:52 23.06.2021)
Пилатес жана антигравити йога боюнча эл аралык даражадагы машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болорун айтты.

Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар жана балалуу боло албаган келиндер йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты. Мындай маалыматты Айсалкын Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

Анын айтымында, йога ички булчуңдарды иштетип, аны чыңалдыра турган көнүгүүлөрдү камтыйт.

"Йога-пилатес менен алектенүүгө коронавирус менен ооруп айыккандан кийинки реабилитацияга көп адамдар келип жатышат. Анткени россиялык окумуштуулар коронавирусту инсульттан кийинки абалга окшоштурушууда. Себеби мээ жаракат алып, кээ бир мүчөлөр толук иштебей, жытты, даамды айырмалай албай калып жатышат. Буга байланыштуу нейрондук байланыштардын жардамы менен организмди калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап, жыйынтыкка жетип жатабыз. COVID-19дан улам жакындарын жоготуп, стресске кабылган адамдар да бизге кайрылууда. Мындан тышкары, омуртка ооруларынан арылуу үчүн келип жатышат. Биз йога, пилатес, кинезиотерапия багыттарын бириктирип, өзүбүздүн автордук методикабызды иштеп чыкканбыз. Анда кан жүгүртүүгө эмес, лимфа системасына көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени лимфа системасы жакшы иштесе көп оорулардын алдын алат. Алардын катарына коронавирусту кошсо болот. Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар, балалуу боло албай жүргөндөр йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты", — деди Аманбек кызы.

Ошондой эле адис йога-пилатестин жардамы менен ашыкча салмактан арылып, арыктоону каалагандар кайрыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, пилатес — жаракаттан кийинки реабилитация үчүн физикалык көнүгүүлөрдүн системасы. Аны XX кылымдын башында германиялык спорт адиси Йозеф Пилатес негиздеген.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

48
Белгилер:
реабилитациялоо, йога
Тема боюнча
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду