Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамкеев: мамлекеттик ипотеканын алгачкы төлөмү 10 пайыздан төмөн болбошу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев төлөмдү 30 пайызга чейин төлөгөндөргө 8 пайыздан мамлекеттик ипотека берилээрин айтты
Шамкеев: мамлекеттик ипотеканын алгачкы төлөмү 10 пайыздан төмөн болбошу керек

Мамлекеттик ипотеканын алгачкы төлөмү 10 пайыздан төмөн болбошу керек. Бул тууралуу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя ала турган жаран бюджеттик мекеменин кызматкери болушу зарыл.

"Азыркы убакта чектөө киргизилген. Тагыраагы Баткенде же Нарында иштегендер ошол жактан гана үй ала алышат. Негизи мамлекеттик ипотека ала турган адам алган насыянын 10 пайызын алдын ала сөзсүз төлөшү керек. Ансыз болбойт. Бул алгачкы төлөм болуп эсептелет", — деди Шамкеев.

Ал алгачкы төлөмдү 30 пайызга чейин төлөгөндөргө мамлекеттик ипотека 8 пайыздан берилээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0