Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зилалиев: пайдасы жок мамлекеттик ишканаларды жоебуз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев учурда мамлекеттик ишканалардын отчеттору алынып, анализдер жүрүп жатканын айтты
Зилалиев: пайдасы жок мамлекеттик ишканаларды жоебуз

Пайдасы жок мамлекеттик ишканалар жоюла тургандыгын Дүйшөнбек Зилалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке пайдасы тийбеген ишканалар жүздөп саналат.

"Биз 100гө чукул мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин чакырып, чоң жыйын өткөрдүк. Ал жерде кемчиликтер айтылып, катуу талаптар коюлду. Алардын арасында пайдасы жок ишканалар дагы бар. Жыл жыйынтыгы менен отчетторун кабыл алып, февраль айында анализдейбиз. Анан оптимизациялоо боюнча комиссияга пайдасы жок ишканаларды жоюу боюнча тизмени беребиз", — деди Зилалиев.

Ал мүлк фонду чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0