КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашевдин архивдик сүрөтү

Карашев: Абдыгулов өз каалоосу менен кызматын алмаштырып жаткан жок

164
(жаңыланган 22:00 22.12.2017)
КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты башкарып турганда сомдун кунун бир калыпта сактагандыгын айтты
Карашев: Абдыгулов өз каалоосу менен кызматын алмаштырып жаткан жок

Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматын алмаштырып жаткан жок. Бул тууралуу Аалы Карашев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды.

"Толкунбек Сагынбековичти көп жылдан бери билем. Буга чейин чогуу иштешкенбиз. Ал "мен биринчи вице болоюн, анан Улуттук банкка барайын" деп өзү чечкен жок. Сунуш түшүп жатат, мамлекеттик кызматкер катары барууда. Бир нерсени уурдап алса сындасак болот эле", — деди Карашев.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты башкарып турганда сомдун кунун бир калыпта сактагандыгын кошумчалады.

164
Белгилер:
Аалы Карашев, Толкунбек Абдыгулов
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Естебесова: пульсоксиметрдин ордуна смартфондогу тиркемени колдонсо болот

110
(жаңыланган 15:39 14.07.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова пневмонияга чалдыккан учурда өпкөнүн иштөөсүн текшерген пульсоксиметрдин мобилдик тиркемесин колдонсо болорун айтты.
Естебесова: пульсоксиметрдин ордуна смартфондогу тиркемени колдонсо болот

Организмди кычкылтек менен камсыздап турган өпкө пневмонияга чалдыккан учурда иштөөсү бузулат. Муну биз пульсоксиметр менен ченеп билебиз. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

Анын айтымында, учурда пульсоксиметр аппараттары 300 сомдон 100 долларга чейин сатылууда.

"Адамдын өпкөсү жабыркаганда биринчи эле дем алуусу оорлошот. Канда кычкылтек жетишсиз болуп башка органдар да жабыркайт. Канга кычкылтек канчалык деңгээлде жетип жаткандыгын пульсоксиметр менен өлчөйбүз. Бирок бул аппаратты бейтап сатып алса, ал айыккан соң кереги жок болуп калат. Азыр айрым смартфондордо жана колго тагынган спорттук билериктерде бул жабдуу бар экен. Биз дарыгерлер колдонгон пульсоксиметр менен салыштырсак көрсөткүчтөрү дээрлик бирдей чыкты. Демек бейтаптар бул каражаттарды да колдоно берсе болот", — деди Естебесова.

Дарыгер Samsung смартфондорундагы Samsung health тиркемесин медициналык пульсоксиметр менен салыштырып көрүшкөнүн кошумчалады.

110
Белгилер:
смартфон, пульсоксиметр, коронавирус, пневмония, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева

Карабаева: мөөнөтү жылдырылган насыялар жалпы 74,5 млрд. сомду түздү

21
(жаңыланган 15:38 14.07.2020)
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банк системасы туруктуу иш алып барып, насыялар берилип жатканын айтты.
Карабаева: мөөнөтү жылдырылган насыялар жалпы 74,5 млрд. сомду түздү

10-июлга карата жалпы суммасы 74,5 миллиард сомдук насыянын мөөнөтү жылдырылган. Учурда эпидемиялык абал жакшырбагандыктан насыя алуучулар жеңилдиктерди алуу үчүн банктарга кайрылса болот. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя берүү жыл башынан бери 1,2 пайызга жогорулаган.

Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду.

"Кыргызстанда эпидемия экономикага кедергисин тийгизди. Мындан улам насыя алуучуларга жеңилдик берүү боюнча 18-мартта чечим кабыл алынган. Ага ылайык, насыяны өз убагында төлөй албай калгандарга туум, айыптар салынбайт. Ошондой эле үч айга чейин кредиттик каникул берүү сунушу берилген. Бирок белгиленген убакыт өттү. Ошого карабастан алган насыясын төлөй албагандардын төлөмүн жылдыруу багытында банктар менен иш алып барып жатабыз. 10-июлга карата статистика боюнча кредиттердин жалпы көлөмү 148 миллиард сомду түзсө, анын ичинен төлөө мөөнөтү жылдырылган кредиттердин жалпы көлөмү 74,5 миллиард сомго жетти. Булардын ичинен насыянын кээ бирине негизги суммасы, айрымдарына пайызы, дагы башкаларына экөө тең жылдырылып, ар бир жаранга индивидуалдуу мамиле жасалды", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал насыя алуучуларга жеңилдиктер берилип жатканы менен аманаттардын дивиденддери төлөнө берерин кошумчалады.

21
Белгилер:
Аида Карабаева, жеңилдик, эпидемия, насыя, Улуттук банк
Тема боюнча
Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду
Аял төшөктө уктап жатат. Архив

Дагарага суу куюп... Ысыкта кондиционери жокторго кеп-кеңеш айтылды

8
(жаңыланган 08:47 15.07.2020)
Адис уйку түнкүсүн ысыкта тынч болушу үчүн бир нече кеңештерди берип, бөлмөнү салкын кармагандан тарта адам кандай жууркан жамынышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын сомнологдор коомунун мүчөсү, дарыгер Алена Максимова ысыкта кондиционерсиз кантип кана уктаса болорун айтып, кеңеш бергенин РИА Новости жазды.

"Уктоочу бөлмөгө аба нымдагычын дагы коюп койсо болот. Ал жок болсо дагарага муздак суу куйса деле болот. Бул бөлмөнү муздатат деп сарсанаа болбоңуз, ал кошумча нымдуулукту гана камсыздайт. Бирок, менин оюмча, кондиционер койдурганга аракет жасаш керек", — деген Максимова.

Ал белгилегендей, кондиционер жок болсо терезелерди ачуу керек. Бирок уктоочу бөлмөнүн пардаларын түшүрүп коюу зарыл.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

Ошондой эле ысыкта жууркан жамынбай уктоону же болбосо чыт менен пахтадан даярдалган жука жууркан пайдаланууну сунуштаган. Ал кошумчалагандай, күн ысык мезгилде синтетикалык жапкычтардан алыс болуу керек, алар терини дем алдырбай коет.

8
Белгилер:
дарыгер, жууркан, Суу, кондиционер, ысык
Тема боюнча
Кондиционер коронавирусту жайылтабы. Адистин пикири