Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Боронов: көчкү жүрүү коркунучу күч жерде жашагандарды күчтөп көчүрүү мыйзамсыз

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маек учурунда
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, жеке менчик укугу сакталышы керек
Боронов: көчкү жүрүү коркунучу күч жерде жашагандарды күчтөп көчүрүү мыйзамсыз

Көчкү алдында калуу коркунучу барларды күчтөп көчүрүү мыйзамга туура келбейт. Бул тууралуу Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, аталган аймакта 29-апрелде жер көчүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган.

"2003-жылдары Кара-Кулжада көчкү алдында калуу коркунучу бар үйлөрдү күч менен түрттүрүү аракеттерин баштаганбыз. Бир нече үйдү түрттүргөндөн кийин сот, прокуратура тарабынан эскертүү берилген. Бул аракет бир нече мыйзамдарга туура келбейт экен. Адам укугун тепселеп жатасыңар, каалаган жерде жашоого укуктуу дешкен. Жеке менчик укугу да бар эмеспи. Ушундан улам бул аракетти токтотконбуз", — деди Боронов.

Ал жагдайдан чыгуу үчүн башка амал керек экендигин, учурда маселе талкууланып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0