Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: Тажикстандан келген этникалык кыргыздарды сабагандарды жазалоо керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов тосмо арыз жазган күндө да кылмыш иши козголушу керектигин айтты
Икрамов: Тажикстандан келген этникалык кыргыздарды сабагандарды жазалоо керек

Тажикстандан келген этникалык кыргыздарды сабагандарды жазалоо керек. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кыргыздарды сабаган балдардын видеосу интернетке тараган.

"Видеону көрүп аябай капа болдум. Тарыхый мекенине кайткандарга мындай мамиле кылгандарды жазалоо керек. Балдардын ата-энелери тосмо арыз берген күндө да иш козгоо зарыл. Эгерде Памирден келген кыргыздарга да ушундай мамиле кылсак өтө жаман болот", — деди Икрамов.

Депутат маселени өкмөт көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0