Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: Транспорт министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов айрым кызматкерлер бузулуп калган техникаларды колдонду деген шылтоо менен күйүүчү майды өз максатына жумшап жатканын айтты.
Мамытов: Транспорт министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек

Транспорт министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек. Бул тууралуу Талант Мамытов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, тоолуу аймактардагы жолдор кардан тазаланбай калууда.

"Кардын жаашы менен Төө-Ашууда, Суусамырда бир топ көйгөйлөр жаралды. Негизги стратегиялык жолдо ушундай болуп жатса тоолуу аймактагы көчөлөрдө абал кандай болуп жатат? Транспорт министрлигинин аракеттери күмөн жаратууда. Расмий түрдө прокуратурага кайрылып, кышка болгон даярдыгы, жолду кардан тазалоо аракеттери боюнча жер-жерлердеги иштерин текшерип чыгуу керек. Бизге жеткен маалыматтарга караганда аймактарда жолдогу кар тазаланбайт", — деди Мамытов.

Ал айрым кызматкерлер бузулуп калган техникаларды колдонду деген шылтоо менен күйүүчү майды өз максатына колдонуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0