Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Таалайкан Абазова: актриса болуу оңой эмес

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАктриса Таалайкан Абазова
Актриса Таалайкан Абазова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал актрисалык кесип айрыкча үй-бүлө күткөн аял үчүн кыйын экенин баса белгиледи
Таалайкан Абазова: актриса болуу оңой эмес

Актриса болуу аял киши үчүн оңой эмес. Бул тууралуу Таалайкан Абазова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кесип айрыкча үй-бүлө күткөндөн кийин кыйын.

"Театрда го ойной бересиң. Тасмага тартылганда алыс жакка барыш керек болсо бала-чаканы ойлойсуң, сарсанаа болосуң. Бирок кесибиң ушундай, иштин жыйынтыгы жакшы болуш үчүн бардык аракетти жумшайсың. Берген ролду ийине жеткирип ойноо керек", — деди Абазова.

Таалайкан Абазова "Апамдын махабаты", "Сүтак", "Асман алдында", "Кентавр" тасмаларына тартылып, бир катар спектаклдерде роль жараткан.

Актриса Таалайкан Абазова менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0