Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын долбоорлорду ишке ашыруучу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов

Раимкулов: CASA 1000 долбооруна кеткен чыгымдар 15 жылда кайтарылат

84
(жаңыланган 17:40 16.01.2018)
Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын долбоорлорду ишке ашыруучу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов CASA – 1000 долбоору ишке ашса, жайкысын электр энергиясы экспорттолорун айтты
Раимкулов: CASA – 1000 долбооруна кеткен чыгымдар 15 жылда кайтарылат

CASA – 1000 долбооруна кеткен чыгымдар 15 жылдын ичинде кайтарылат. Бул тууралуу Рустанбек Раимкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып кабарлады.

Анын маалыматына таянсак, аталган долбоорду ишке ашырууга миллиард доллар сарпталат. Анын ичинде Кыргызстан 230 миллион доллардын тегерегиндеги сумманы төлөшү керек.

"Бул жерде эң көйгөйлүү нерсе суу маселеси. Тагыраагы, кышында жай мезгилине сууну топтоо керек. Андан тышкары, кеткен чыгымдар биз саткан электр энергиясы менен жабылгандыктан, 15 жылдын ичинде кайра кайтарып алабыз", — деди Раимкулов.

2016-жылы демилгеленген бул долбоор 2022-жылы ишке ашуусу пландалып жатканын Раимкулов белгилеп өттү.

84
Белгилер:
Кыргызстан, CASA-1000 долбоору
Тема боюнча
Камбар-Ата-1 ГЭСинен Өзбекстан эмне пайда көрөт?
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

26
(жаңыланган 10:59 07.12.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы стратегияда элдин аң-сезимине таасир этүүгө көңүл буруларын айтты.

Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.

"Коррупцияны жоюу боюнча президенттин алдында түзүлгөн кеңеш 2021-2024-жылдар аралыгында аталган багытта иш алып баруу үчүн стратегия иштеп чыкты. Анын мурдагы документтерден айырмасы — бардык тармактарды камтыйт жана иш республикалык деңгээлде жүргүзүлөт. Аталган кеңештин 39 мүчөсү бар. Көпчүлүк эмнеге мынча көп адамдан турат деп суроо узатып жатышты. Анткени бул жакка бизнес өкүлдөрү, коомдук уюмдардан да кишилер тартылган. Ошондой эле стратегияны жазып чыгуу иштери ачык өткөрүлүп, каалоочулар өз сунуш-пикирлерин билдирип жатышты. Концепциянын дагы бир өзгөчөлүгү коррупциялык иштердин алдын алуу, жоопко тартуу эле эмес, элдин аң-сезимине таасир берүүгө басым жасоо да каралган. Ал эми бул кадамдар кандай тартипте ишке ашары боюнча методдору иштелип чыгууда", — деди Мамбеткадыров.

Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.

26
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, стратегия, документ
Тема боюнча
Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров

Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды

102
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров борбор калааны каптаган ыштын себептерин айтып берди.

Борбор калааны каптаган ыштын башкы себеби — Кара-Кеченин көмүрү. Мындай пикирин Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бишкекти каптаган ыштын негизги себеби айтылды

Анын айтымында, Кара-Кеченин көмүрүндө нымдуулук ашыкча болуп, калдыгы көп, ошондой эле табы көп жок.

"Мэриянын алдындагы экологиялык кеңештин түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ага көз карандысыз экологдор, эксперттер кирген. Буга чейин мамлекеттик органдар калааны каптаган ыштын так себебин айтпай келишти. Ошондуктан экологиялык кеңеш тарабынан шаардын аймагына атмосферанын тазалыгын аныктаган 50 аппарат орнотулду. Натыйжада абанын булганышынын негизги себеби — көмүрдүн түтүнү экени аныкталды. Буга чейин мындай көйгөй болгон эмес. Себеби Бишкек ЖЭБ Карагандадан алып келинген сапаттуу көмүрдү колдонгон. Кийин жергиликтүү көмүрдү колдонуу ниети менен ЖЭБ модернизациядан өткөрүлгөн. ТЭЦ жылына 1 миллион 600 миң тонна көмүр жагат. Мындан тышкары, 47 жаңы конуштун тургундары тарабынан 200 миң тонна көмүр колдонулат. Ошол түтүн шаарды каптоодо. Мындан улам ЖЭБди газга өткөрүү сунушу да айтылып келет. Бирок газ Россиядан дүйнөлүк баадан төмөн алып келинип жатканы менен көмүргө салыштырмалуу кымбат болуп калат. Ошондуктан борбор калаага сапаттуу көмүр алып келүүнү карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин мэриянын алдына өткөрүү сунуштары айтылууда. Ошондо көмүрдүн сапатын муниципалитет көзөмөл кылмак", — деди Назаров.

Ал автоунаалардан чыккан газ дагы шаарды каптаган түтүндүн себептеринин бири экенин кошумчалады.

102
Белгилер:
ыш, көмүр, экология, Адил Назаров
Тема боюнча
Азыр Бишкектин абасы кандай жана булгануунун деңгээлин кайдан билсе болот
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме