Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: юстиция министри кыргызча кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков аталган министрликте иш кагаздары 100 пайыз орус тилинде жүргүзүлөрүн айтты
Момбеков: юстиция министри кыргызча кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт

Юстиция министри кыргызча кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев баяндама жасап, депутаттардын айрым суроолоруна жооп бере албай калды.

"Илгери Юстиция министрлигине Марат Кайыпов келгенде министрликтин аталышын Адилет министрлиги деп өзгөртүп, иш кагаздарын 100 пайыз кыргыз тилине өткөргөн. Азыр 100 пайыз расмий тилде. Министр өзү кыргызча кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт", — деди Момбеков.

Эл өкүлү парламентке даярданбай келген министрдин орун басары Абдуллаевдин жоопкерчилигин кароо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0