Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: жыл соңунда WhatsApp номериме келген билдирүүлөрдү анализдейм

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар саламаттык сактоо тармагындагы арыздарын 0 555 596000 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтсө болот
Батыралиев: жыл соңунда WhatsApp номериме келген билдирүүлөрдү анализдейм

Жыл соңунда WhatsApp номериме келген билдирүүлөрдү анализдейм. Бул тууралуу Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган номерге келген бирдирүүлөрдү министр жеке көзөмөлгө алат.

"Жарандар саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтерди 0 555 596000 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүп турса болот. Маселени жеке көзөмөлгө алабыз. Дарыгерлер "жарандар министрдин өзүнө чалышууда, кутулдум" деп жатышса керек. Анан жылдын аягы келет. Кайсы аймактан канча билдирүү түшкөнүн анализдеп туруп, ошол аймактын дарыгерлерине бул маселелер эмне үчүн чечилбегендигин сурайм. "Мен өзүм маселени Бишкектен туруп чечсем, анда мага сендей жетекчинин эмне кереги бар?" деп сурайм. Ошондуктан жетекчилер ойлонсун", — деди Батыралиев.

Ал дарыгерлер элдин кызматын кыла турган адамдар экенин сезе турган учур келгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0